Алайда балык уулоого барган адам токко урунуп каза болду

Ош облусунун Алай районунда балык уулоо үчүн барган адам токко урунуп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаран 1-июнь күнү Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу дарыясына балык уулоого барган.

"Балык уулоого ага-ини жана алардын кошунасы барган. Маркум кайырмагын суудан алып чыгуу үчүн катуу тартканда жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына тийип кеткен. Чубалгы үзүлүп, кайырмак суу болгондуктан аны кармап турган кишини ток уруп, ал окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми женсыз денеге сырттан кароо жүргүзгөндө токко урунуп, жүрөгү токтоп калгандыгы аныкталган. Факты кокустук деп катталган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Маркум 45 жашта болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Baatirbek81
2020-06-03 10:02:54
Балыктарды ток менен өлтүрөйүн десе керек.
0
AdylbekB84
2020-06-03 11:36:59
Baatirbek81, болушу мүмкүн себеби Гүлчөлүк бир бала дагы айткан, балыкты ток менен тутабыз деп үйдүн алдынан дарыя өтөт экен, тогу бар сымды салып алып сууга балык тергени түшөбүз, балыктар көмкөрөсүнөн оодарылат деп, успеть этпесең кайра кирип кетет сууга деген эле!
0
Umar.2013
2020-06-03 10:15:37
Жаткан жери жайлуу болсун!
+1
bond02
2020-06-03 12:07:13
Высоко вольттун зымына тийип кеткидей кайырмагы 20-30 метр бекен, бул калп эле нерсе го. Менимче сууга ток салып жатып балыктын ордуна озу попал болуп калган го.
0
katerina.li
2020-06-03 12:11:46
Бизде да бироо ток менен балык кармайм деп Каза болуп калган. Коп болуп калды.
+1
rafo80
2020-06-03 15:57:19
Кайырмак менен эле кармап жатып ток урду, бизге жакын айылда болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан