"Абал кооптуу болгондуктан, көчөгө да чыга албай калдык". АКШда жашаган мекендешибиз Солто Эсенгулов акыркы окуялар боюнча айтып берди (маек)

АКШда 25-май күнү Жорж Флойд аттуу теги африкалык болгон америкалык жаран полиция кызматкеринин колунан ажал тапкан. Кармоо учурундагы видео коомчулукка тарап, АКШнын бир катар шаарларында митинг өтүп, талап-тоноо күчөп, баш аламандыктан жалпысынан 11 адам каза болгону маалым. Өлкөдөгү кооптуу абалга байланыштуу АКШнын 25 шаарына коменданттык саат киргизилген.

Учурда АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап жаткан мекендешибиз, "Тумар КР" бий тобунун мурунку курамында бийлеген Солто Эсенгулов учурдагы абал тууралуу SUPER.KG порталына маалымат берди.

- Солто, саламатсыңбы? Сенин социалдык тармакка чыгарган видеолоруңдан улам Лос-Анжелесте кырдаал оор экен деп калдык. Жөнөкөй жашоочулар үчүн абал кооптуу эмеспи?

- Саламатчылык. Бизде абал курч десем болот. Эл күндүз 2-3 саатка азык-түлүк алганга чыгып жатат. Саат 15:00дөн кийин митингдер күч алууда. Негизи ар бирибиздин телефонубузга "көчөгө чыкпагыла, чыккандар камалат" деп эскертүү иретинде СМС-билдирүү келген. Ошондуктан көчөгө чыга албай, үйдө эле болуп жатабыз. Көчөгө чыгуу кооптуу.

- Көчөгө эл толо чыгып, баш аламандык орун алып жатканына 4 күн болду. Абалдан пайдаланган мародёрлор көчөлөрдөгү дарыкана, дүкөндөрдү тоноп жатышат. Талап-тоноочулар көбүнчө 15-25 жаштагы жаш балдар, колдоруна союлдарды алып, көрүнгөн имаратты талкалап жүрүшөт. Полиция кызматкерлери тартип бузгандарды топтоп, атайын абак автобустарына жүктөп алып кетүүдө. Банктарды полиция тыкыр көзөмөлгө алып кайтарууда.

- АКШ коронавирус инфекциясы катталган өлкөлөрдүн сап башында турду эле. Миңдеген адамдар көчөгө чыгып жатса, карантин эрежелери сакталбай жатыптыр да?

- Учурдагы нааразы элдин басылчудай түрү жок. Көңүлдүн баары учурдагы абалга бурулуп, коронавирус унутулуп деле калды. Албетте, митингге чыккандардын арасында аралык сакталбайт, эл топ-тобу менен жүрөт. Бирок көпчүлүгү бет кап тагынышкан. Күнүнө миңдеген киши митингге чыгууда. Угушумча, 3 миңден ашык адам кармалды. Голливуд бульварында саат 14:00дөн баштап саат 21:00 чамасына чейин митинг өтүп жатат.

- Учкай маалымат берип өткөнүңө рахмат! Саламатта болгула!

АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы абал
АКШ. Лос-Анжелес 3-күн
Лос-Анжелес, бүгүнкү күн
Лос-Анжелес 3-күн
Лос-Анжелестеги абал
Лос-Анжелесте абал курч болууда дейт мекендешибиз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан