ӨКМ балдарды кароосуз калтырбоону өтүнүп, ата-энелерге эскертүү жасады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаш балдарды жайкы эс алууда кароосуз калтырбоону ата-энелерге эскертет.

"Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Ата-энелер, жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. ӨКМнын кызматкерлери тарабынан республиканын бардык аймагында калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин, балдарын кароосуз калтырбоо тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эсиңиздерде болчу нерселер:

- сууга уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

- сууга мас абалында түшпөңүз;

- суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;

- кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

- үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

- көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан