Ош шаарында 19-20 жаштардагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркумдун денеси Ош шаарындагы Салиева көчөсүндөгү №28 көп кабаттуу үйүнүн короосунан табылган.
Учурда анын өлүмүнүн себептери аныкталып жатат.