Бишкек шаардык сотунун алдында Равшан Жээнбековдун тарапташтары нааразычылык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаардык сотунун алдында саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары жана жакындары нааразычылык акциясын өткөрүүдө.

Алар саясатчынын Кой-Таш окуясы боюнча күнөөсү жоктугун айтышып, боштондукка чыгаруу керектигин талап кылышууда.

Жактоочунун айтымында, судьянын келе электигине байланыштуу саат 10:00дө баштала турган сот отуруму кечигип жатат. Равшан Жээнбеков сот имаратына алып келинди. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда саясатчынын баш коргоо чарасы боюнча апелляциялык арызы каралат.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин "барымтага алуу", "массалык баш аламандык уюштуруу" жана "бийликти күч менен басып алуу" боюнча айып коюлган.

Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековду камакта калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
001KG
2020-06-04 11:08:01
Тиги кичинекей кыздаргада "Мынаны көтөрүп эле туруп бересиңер" деп равшандын сүрөтүн көтөргөндөрү үчүн канча $ дан төлөдү экен байкуштарга, жүздөрүнөн билинип эле турат өздөрү чыкпаганы! Негизи равшанды өмүр бою камап ийседа болот. Калган акцияга чыккандар бүт акчага жалдангандар, бул жерде только акшнын доллары (көгүнөн) ойнойт)).
Негизи бул лгбтшникти колдобош керек Кыргыз эли! Ойгон элим, ойлон элим, ш айтамтова, р отунбаева, р карасартова, д ошуракунова, ж акаев, р жеенбеков с
+3
001KG
2020-06-04 11:17:18
Сыяктууларды колдобогула!!!
0
bessmertiy
2020-06-04 14:20:16
"Д" жок эле Жээнбеков деп жазса не болот?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан