Биз социалдык тармакта

Депутат: "Сот экспертизалар бар болгонуна карабай 13 жашар кызды зордуктаганга шектелген адамды актап жиберди"

"Сот экспертизалар бар болгонуна карабай 13 жашар кызды зордуктаганга шектелген адамды актап жиберди" деп бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

"Апта башында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, бардыгыбыз балдарыбызды куттуктаганбыз. Бирок бүгүнкү күндө 13 жашар кыздын энеси кайрылды. Судья 13 жашар кыздын жашоосуна чоң таасирин тийгизди. Соода борборунда кичинекей кыз ажаатканага кетсе, ал жерден зордукталган. Бул боюнча экспертизалар бар болгонуна карабастан зордуктоого шектелген жаранды актап, эркиндикке чыгарып коюшту. Мындай болбош керек. Ушундай сотторго нааразымын. Бул ишти Жогорку Сотто калыс карап берүүсүн суранам", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2020-06-04 11:46:48
Эгерде күнөөсү далилденсе мындай эшектерди атып эле салыш керек.
+2
alishsapan
2020-06-04 13:11:53
Бизде соттор сыйкырчылар ак адамды кара кылып караны ак кылып койо алат
+2
katerina.li
2020-06-04 17:36:50
Бычыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан