Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековду камакта калтырды

Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча карап чыгып, Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимин өзгөрткөнгө негиз жок деп тапты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Биринчи Май райондук соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын 18-июлга чейин узарткан. Ага карата шаардык сотко биз даттануу менен кайрылганбыз. Бирок шаардык сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Биз буга каршыбыз. Себеби Жээнбеков негизсиз гана камакта отурат", - деди жактоочу.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин "барымтага алуу", "массалык баш аламандык уюштуруу" жана "бийликти күч менен басып алуу" боюнча айып коюлган.

Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековду камакта калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
001KG
2020-06-04 11:24:12
Молоччок сот, ушундай эле болуш керек эле. Короче түрмөдө чиришин каалайм и все!
+1
-BOSS-
2020-06-04 11:42:12
Колдогону келген адамдары телефон чукулап айла жоктон эле турушкандай ))))
0
Kairat1996
2020-06-04 12:09:34
Сокенин озунун камака кетириш керек.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан