"Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чырда эл арасында жүргөн аксакал инсульт алган" дейт Боронов

Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чырдан жабыркап, Айдаркен ооруканасына жаткырылган 5 Кыргыз жараны менен жолугушкан. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Оор абалда деген 2 жарандын биринин башына таш тийип, гематома болгон. Ошол жерде дарылап жатышат. Абалы жакшы. Биз өзүбүз барып көрдүк, сүйлөйт, тамак ичет. Экинчисин орок менен белине сайган экен. Ага да операция жасалып, кыймыл-аракети жайында. Үчүнчү жаран аксакал экен. Ал эл арасында жүрүп инсульт алыптыр. Абалы оорураак, ооруканада дарыланып жатат", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurik1988
2020-06-04 16:11:30
Кеткилечи ээ тойгоздунаргооо силер, же жеп жарылбадынар, эй жеп жуттарлар олучуу экенинерди уеутпагыла
+3
Bars88
2020-06-04 19:02:57
Туштон кийин кечирим сураган эмеспиз деп калышыптырго.Озбек тарап кечирим сурады дегенде не деп актанарын билбей калыштыго оозуна талкан салгандай болуп
+3
Mintip-menu-suybo
2020-06-05 03:55:08
ы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан