3-июнда Нарындагы коктудан келген сел 60 турак үйдүн короосун каптаган

3-июнь күнү саат 16:00 чамасында Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйлөрдүн короолорун, чарбалык курулуштарын жана унаа жолдорду каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, учурда Нарын облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда.

"Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштерин көзөмөлгө алуу максатында министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков Нарын облусунда жүрөт. Жумуштарды улантуу үчүн 4-июнь күнү ӨКМнын 30 куткаруучусу тартылып, 20 турак үйдүн короолоруна кирген сел агындылары тазаланган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан