Бишкекте эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жөө адам жаракат алды

Бишкекте эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жаракат алды. Патрулдук милициянын маалымат кызматынан жол кырсыгы бүгүн, 5-июнда болжол менен саат 13:38де орун алганын билдиришти.

"1988-жылы туулган Б.Э. аттуу айдоочу Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаасы менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн түштүк тарапка бара жатып, Токтогул көчөсүнүн кесилишинен Тойота Аристо унаасы менен сүзүшкөн. Тойота унаасы 1991-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочунун башкаруусунда болгон.
Кырсыктын кесепетинен жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан 1962-жылы туулган Д.Я. аттуу аял киши жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Унаалар айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан