Суусамырда эки унаа жылкыларды сүзүп, андан кийин бири-бири менен кагылышкан

Суусамыр өрөөнүндө эки жеңил унаа сүзүшүп, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык болжол менен кечээ, 5-июнда саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 186-чакырымында болгон.

"Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу Бишкекке, ал эми Mazda 6 унаасынын айдоочусу карама-каршы багытка кетип бара жаткан. Эки унаа тең жолдон жылкыларды сүзүп, андан кийин кайра өздөрү сүзүшкөн. Натыйжада Mazda 6 унаасынан эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2020-06-06 20:13:04
Экөө тең тормозу жок машина минип алган го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан