Таластагы "3-каналдын" кеңсесинен өрт чыкты. Маалыматты каналдын директору Жаннат Токтосунова тастыктап, буларды билдирди.
"Өрт түнкү саат 04:00дөн 05:00 чейинки убакта чыккан. Анда терезени сындырып, өрт чыгаруучу нерсени ыргытышкан. Кудай жалгап өрт жалюзиге тийип, ал өрттөнүп анан өчкөн. Ал убакта күзөтчү ооруп, үйүнө кеткен экен. Муну атайын эле жасалган окуя деп баалап жатабыз. Себеби өрт кеңседеги буюмдардан же электр чубалгыларынан чыккан эмес. Милиция кызматын чакырдык, алар бул ишти Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, учурда териштирүү башталды", - деди Токтосунова.