Ысык-Көлдө жол тандабас тосмолорду жана отургучтарды талкалаган. Айдоочуга протокол түзүлдү

Ысык-Көл облусунда жол тандабас унаанын айдоочусуна бейбаштык боюнча протокол түзүлдү.

7-июнь күнү Ысык-Көл облусунун «Каприз» пансионатынын ичинен жол тандабас унаасы фонтандан секирип өтүп, жолдун четиндеги тосмолорду жана отургучтарды талкалагандыгы боюнча видео тасма тартууланган. Аталган видео тасма боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти.

"7-июнь күнү болжол менен эртеӊ мененки саат 06:00 чамасында Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт кызматына Бостери айылында жайгашкан «Каприз» пансионатынын администрациясынан телефон аркылуу кабар түшөт. Анда пансионаттын эс алуучусу өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жол тандабас унаасы менен фонтандын үстүнөн жогорку ылдамдык менен секирип өтүп, андан кийин аллеянын четиндеги тосмолорду жана отургучтарды сүзгөнү кабарланган.

Аталган кабар боюнча райондук милициянын тергөө тобу окуя болгон жерге барып, айдоочуну суракка алганда, ал төмөндөгүлөр маалым болгон. 21 жаштагы Бишкек шаарынын Б.В. аттуу тургуну Бостери айылында жайгашкан «Каприз» пансионатына эс алууга келген. Ошол күнү жол тандабас Мерседес-Бенц GL-500 үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, алдындагы фонтанды көрбөй калып, андан унааны секиртип өтүп, аллеянын четиндеги тосмолорду жана отургучтарды сүзүп алган. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы боюнча күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.

Медициналык текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталган. Аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, бузуулар жөнүндө кодексинин 124- беренеси "бейбаштык" жана "жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу" менен протокол түзүлүп, унаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-06-08 11:56:16
Соп соо баратып эле сузуптур да ошондо э, аз олчомдогу айыпка жыгылат болду ошо менен унутат.
0
adiaza
2020-06-08 22:57:06
Дагы бир чондун баласы да 21 жаштагы бала GL500 менен журсо, кантип эле фонтанды корбой калсын значит катуу келаткан пансионаттын ичинде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан