Бүгүн, 6-сентябрда маалымат булактары аркылуу Бишкекте МАИчини тоготпой качкан айымдын жоругу тартылган видео жарыяланып, ал кызуу талкууланууда. Лексус унаасын айдап бара жатып, эреже бузган айымды жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр ишине чейин кууп барышса, ал унаадан түшүп кайра МАИчилерди коркутууга өттү. Лексустун айдоочусу, банкта иштеген Назгүл Чодронова аттуу айым "Суранчиевге (ред. ИИМдин башчысы), Мелис байкеге чалам" деп айтып тигилерге моюн сунган жок. Жол-кайгуул кызматынын инспектору унаасынын номурун чечип алса, Чодронова кимдир бирөөгө телефон чалат. Көп өтпөй инспекторго командири телефон чалып, ал чечилген номурду кайтарып берүүгө аргасыз болуптур. Муну ИИМ ырастады. Окуя июнь айында болсо да, жанагыдай телефон чалуудан кийин МАИчини тоготпой койгон айымга эч кандай чара көрүлгөн эмес. Айта кетчү сөз, айым МАИчилерден качып бара жатып бир нече жол эрежесин бузууга үлгүрүп, бир адамды сүзүп кетейин дегенин видеодон көрүүгө болот. Айтор, ишенгени бар үчүн айдоочу айым жазасыз кутулуп кеткен. Маселе мыйзам аркылуу эмес, тааныш-билиш аркылуу чечилген көрүнүш качан токтойт? Айрым инсандар пикирин билдиришти.
-Коомубузда катардагы кызматкерине чоңдук кылып, дос-тууганын, таанышын жоопкерчиликтен бошотуу көбөйүүдө, бул көрүнүштү канткенде жоёбуз?
Мавлян Аскарбеков, жаш саясатчы:
- Жердешчилик, трайбализм Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде да бар. Алар бул маселени чечип келишүүдө. Мисалы, Грузияда тууганчылык бизден да өтүп кеткен. Алардын бийлигине жаңы муун келип, мунун баарын жойду. Негизинен бул эң актуалдуу маселе, буга ар бир адам жоопкерчиликтүү карашы керек. Жетекчиси дагы, кызматкери да жоопкерчиликти сезип, аларга тиешелүү укук берилиши шарт. Ошондо мыйзам бузуулар аз болот. Анан эң негизгиси комплекстүү түрдө прокуратурада, ИИМде, сот тармагында реформа жүргүзүү зарыл. Себеби бул тармактар бири-бири менен тыгыз байланышта да. Бир МАИчи мыйзамды бузса, анда тергөөчү акыйкат иш алып барып, сот да тиешелүү чара көрсө, акыйкатчылык орномок. Тилекке каршы, биз ага жете элекпиз. Себеби реформаны жаңы муун гана жүргүзө алат. Ал эми эски адамдардын ой жүгүртүүсү эски болуп калыптанып калгандыктан, реформаны ишке ашыра алышпайт.
Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
- Кыргызстанда тууганчылык, жердешчиликти жоюу үчүн эң башкысы мыйзам иштеши керек. Ал эми мыйзам иштешине өзүбүз эле салым кошо алабыз. Башкача айтканда, баарыбыз кабыл алынган мыйзамдарга баш ийүүбүз зарыл. Мамлекеттик кызматта иштеген чоңдор, жогорку кызматты ээлегендер тууганчылык, жердешчилик деген нерседен баш тартып, ар ким өз жазасын алышы керек. Мисалы, парламенттегилердин жээни бирөөнү сабап салса, депутаттар ага аралашпоосу керек дегендей.
Эсенгул Исаков, ЖКнын депутаты:
- Кыргыздын салтында тууганчылык абдан жакшы өнүккөн да. Бул бир чети жакшы болсо, бир тарабынан начар көрүнүш. Себеби жамандык-жакшылыкта колдоп турганы жакшы, ал эми милицияга же МАИге түшүп калсак, анда дароо тааныш-билиш издеп калабыз. Чоңдор алдындагы кызматкерлерге мыйзамдан тыш буйрук берип, күнөөлүү адамдарды бошотуп алып жатышат. Мунун бирден бир себеби мыйзамдагы көпчүлүк беренелердин туура эмес түзүлгөндүгүндө. Анда "же" деген сөз бар. Мисалы, 3000 сом айып төлөсүн же камалсын деген сыяктуу. Ушул “жени” азайтышыбыз зарыл. Баланча сомдон баланча сомго чейин дебестен, конкреттүү бир сумманы аташыбыз абзел. Реформа керек дейбиз, бирок ал үчүн шарт түзүү керек да. Мисалы, милиция кызматкерлерин, МАИ кызматкерлерин тиешелүү жабдуу менен камсыз кылуубуз керек дегендей. Мыйзамдагы беренелерди так жазып, алардын аткарылышын көзөмөлдөсөк, жетекчиси алдында иштеген кызматкерине кысым көрсөтпөй, тууган-туушкан маселесине чекит коюлмак. Бул нерсе бара-бара ишке ашат деп ойлойм. Ал үчүн бийликке жаштар келиши керек. Ошондо гана өйдөкүсү ылдыйкысына мыйзамга каршы келген буйруктарды берүү көрүнүшүн токтотот.
Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:
- Бул маселени жоюу үчүн ар бир жаран күрөшүшү керек. Катардагы кызматкерлер коркпостон эле “жетекчим ушундай мыйзамга каршы аракеттерди көрүүгө мажбурлап жатат” деп айтышы керек. "Ушул жумуштан куулуп кетемби?" деген суроо болбошу зарыл. Себеби учурда сотко кайрылса болот. Менин билишимче, 70-80 пайыз сотко кайрылган кызматкерлер утуп чыгып жатышат. Ошондой эле башкаруу системин түп орду менен өзгөртүүбүз зарыл. Мен 2011-жылы трайбализмди жоюуга багытталган мыйзам долбоорун сунуштасам, көпчүлүк депутаттар кыргыздын салтына туура келбестигин айтышып, колдобой коюшкан.
Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
- Кызматынан пайдаланууну бир гана жол менен чечсе болот. Мамлекеттин башында турган адамдар элге үлгү болушу керек. “Балык башынан сасыйт” дегендей жетекчилер начар болуп жатат. Бүгүн эч ким эч нерсе үчүн жооп бербейт. Жоопкерчиликсиз мамиле күчөп кетти. Жетекчилер отуруп алышып каалаган буйруктарын берип, катардагы кызматкерлер анын запкысын тарткан учурлар көп. Бул көрүнүштү бийликтегилер үлгү болуп жойбосо, мыйзам чыгарып жок кыла албайбыз. Себеби Кыргызстанда мыйзамдар толуп кетти. Анан да парламентаризм Кыргызстанга туура келбейт. Парламентаризм бул – утопия. Ошондуктан коомдо ушундай жаман көрүнүштөр көбөйүп, абал курчуп баратат.