Бүгүн, 8-июнда парламент комитетинде "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу колдоо тапты.
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баяндама жасады.
Анын маалыматы боюнча, "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында 50 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо каралып жатат. Анын 50 пайызы - грант, 50 пайызы - насыя.
Жусупбекова "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун милдети балдарды мектепке даярдоону жакшыртуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу экендигин белгиледи. Долбоордун эң маанилүү милдети билим берүү тармагын эл аралык окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа рейтингинде алга жылдыруу экендигин кошумчалады.