Жеке ишкерден пара талап кылган Талас мэриясынын кызматкери кармалды

Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара алып жаткан учурунда кармалды. Маалыматты бүгүн, 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган мекеменин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 4-июнь күнү Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш. уулу К. пара алып жаткан жеринен кармалды.

"Кармалган кызматкер муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган жаран Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almazzbek
2020-06-09 11:14:21
Атан канчалаган койлорун сатып окутса керек,өз башын өз меенетин менен жеткенинде бул кызмкызматка пара албай иштейт элен .
+1
Taalaibek.
2020-06-12 10:56:00
Эмне учун беттерин жашырып тартышат. Беттерин жашырып тарткан бул далил эмес да. Беттерин ачык тартпайсынарбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан