Кечээ, 8-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде орусиялык актёр Михаил Ефремов катышкан жол кырсыгынан жабыркаган айдоочу ооруканадан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жол кырсыгына катышкан актёр унаа башкарып бара жаткан учурда мас абалында болгон. Ага карата кылмыш иши козголуп, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги кабарланган.