Айсулуу Тыныбекова көйнөк кийген сүрөтүн жарыялап, көптүн көңүлүн бурду

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова сыя көк түстөгү көйнөгү менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

"Бул фотосессия былтыртан бери пландаштырылып келген. Натыйжасы үчүн мен аябай кубанычтамын. Галина менен иштешүү ыңгайлуу жана ал сонун фотограф. Бул сүрөт менин жагымдуу эскерүүлөрүмдүн катарына кирет", - деп жазган Айсулуу Тыныбекова.

Көпчүлүк балбан кызды спорттук форма менен көрүп көнүп калганы үчүн анын өзүнө жарашыктуу көйнөгүнө суктанышууда. Айрым колдонуучулар Айсулуу Тыныбекованы кооз көпөлөккө окшоштурушуп жатышат.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку чемпиону (2016, 2017 жана 2019), 2018-жылы Индонезиянын борбору Жакарта шаарында өткөн XVIII жайкы Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси жана 2019-жылы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү.

Айсулуу Тыныбекованы адатта сыйлоо аземдеринен жана чанда гана фотосессиялардан кечеге ылайыкталган көйнөкчөн көрүүгө болот.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
aerforce
2020-06-09 16:27:24
Алтын кызда алтын кыз Кыргыз элинин сыймыгы!!!
+16
barsbegKG
2020-06-09 17:16:54
Дүйнөлүк олимпиададан алтын күтөбүз. Биздин сыймыгыбыз!
+14
bond02
2020-06-09 17:32:29
Койнок кийсе да жанылык экен да э, кыз киши кийет да койнок.
+4
Safiya91
2020-06-09 17:59:27
Аялдык бакыт каалайм. Азаматсын!!!
+11
algakaray
2020-06-09 18:35:40
Куттуктайм! Кыргыздын сыймыктанган кызы!
+8
Umar.2013
2020-06-09 20:02:38
Ар дайым кыргыздын желегин желбиретип жүрө бер.
+6
Daniel8885
2020-06-10 00:36:09
Азаматсын
+3
ilgizk
2020-06-10 02:01:24
Кыргыздын чыныгы кызы Айсулуу
+3
Akyl78.1501
2020-06-10 02:33:43
Айдай сулуу Айсулуу неге мынча ал сулуу. Молодец депутаттар ак уйдо отурган дар Кыргызстанды жеп бутуп жатат сен болсон ошо жеп болунган Кыргызстанды дуйного таанытып жатасын.
+3
Munir81
2020-06-10 08:49:04
Спортук кийимине конуп калганбыз бирок
+2
Eminahanym
2020-06-10 10:41:59
Ак көйнөктө өтө сулуу болуп калыптыр
+2
Eminahanym
2020-06-10 10:42:24
Розовыйда дегеним
0
Eminahanym
2020-06-10 10:44:21
Негизи любой адам карангыда көлөкөдө сүрөткө сулуу түшөт. Ишенбесенер түшүп көргүлө. Өзүнөоргө өзүнөр суктанасынар
0
PROS
2020-06-10 11:53:11
Мындай түс адабий тилде "кырмызы" деп айтылат!!! Супердин журналисттери адабий китептерди көп-көп окусаңар, кабар жазганда кыйналбайсыңар, сөз байлыгыңар артат!!!
+2
AidaKurman
2020-06-11 06:25:27
Азаматсын Айсулуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан