Айрым депутаттардын "Баткенде абал курч, жергиликтүү эл тынч уктай албай калды" деп какшаганы бекеринен эмес. Жыл башынан бери аймакта катар-катар чек ара чатактары чыгып, окуялар барымта, токмоктоо, адам өлүмдөрү менен коштолду. Булар кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалдар... "Эки тараптуу сүйлөшүү болду, келиштик" дегенибиз менен, чатактардын түпкү себеби толук чечиле элек. Окуялардын негизгилерин тизмектесек:
Чарбактагы чатак
Тополоң 5-январда чыкты. Кыргыз тарап "Чарбак" чек ара бекетине электр чубалгыларын тартып өтмөкчү болуп када орното баштаса, Сох анклавындагылар ал жер Өзбекстанга караштуу экенин айтып чыр чыгарышты. Ортодо жаңжал күчөп, кыргыз чек арачыларынын колунан өзбекстандык 5 жаран жаракат алат. Буга жооп кылган Сох анклавындагылар Баткендин Чарбак айылына бастырып киришип, ондогон кыргыз жарандарын анклавка сүйрөп кетип барымтага алышты. Ал жерден бир нече кыргыз сабалып, бошотулгандан кийин ооруканага жатышканы белгилүү. Жолдор буулуп, Баткендин Бөжөй айылы бир нече күн сырт менен байланышсыз калды. Бул учурда азык-түлүк ал айылга тик учак менен гана жеткирилип турган. Окуяда кыргыз тараптан ондогон автоунаа талкаланып, өрттөлүп, өкмөттүк комиссия түзүлүп, окуяны иликтөөнү колго алган эле.
Ак-Сай - Тамдык айланып өтмө жолунун айынан чыккан чыр
Жаңжал кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда 27-апрелде чыкты. Чырдын келип чыгышына Тажикстандын Ворух анклавына жакын жерден өткөн Ак-Сай - Тамдык айланып өтмө жолунун курулушу себеп болду. Жол курулуп жаткан учурда анклавдагы 30дай тажик жараны келип, унаа жолу макулдашылбаган аймакка курулуп жатат деп жаңжал башташканы маалым. Абал курчуп, Баткендеги кыргыздар чогулуп, анклавга байланышкан унаа жолдорун тосушкан жана бийликтен маселени чечип берүүнү талап кылышты. Акырында сүйлөшүү жолу менен абал тынчыган эле. Бир нече автоунаа, жол куруп жаткан трактор талкаланып, бул жаңжал да эки тараптын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин басылган.
Ворух анклавынын өчөшкөн тургундары
31-майда Баткендин Ак-Сай айылында жүргөн Тажикстандын Ворух анклавынын 2 жаранын кыргыз чек арачылары кармап, тийиштүү документ толтурулгандан кийин коё беришкен. Буга ичинен ызыланган тажиктер Ворух анклавында жүргөн 3 кыргызды сабап салышты. Буга нааразычылык күчөп, кыргыз тараптан бир катар унаа жолдору тосулуп, милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнү маалым. 1-июнь күнү тосулган жолдор кайра ачылган.
Сохтон кыргыздарды өткөрбөй коюшканда...
12-июнда Баткендин Таян айылында өзбек чек арачылары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Айылдын 3-4 тургуну Баткен шаарынан өздөрүнүн айылына баруу үчүн Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтмөкчү болушса, анклавдын көзөмөл-өткөрүү пунктундагы чек арачылар аларды өткөрбөй, “мас абалда экенсиңер” деген доо менен бир топ убакыт кармап турушат. Анклавдан чыгып бара жатып тургундар чек арачылар менен чырдаша кетишет. Таян айылынан 30-40 жаран чогулса, Катыке деген участокто мал кайтарып жүргөн 12-13 жаштардагы 3 кыргыз өспүрүмдү өзбек чек арачылары “чек арадан мыйзамсыз өттүңөр” деп кармап алышып, аларды мазакташты. Окуя сүйлөшүүлөрдөн кийин токтоп, иликтөө башталганы айтылды.
Кыргыз жаранын кууп жүрүп аткан өзбек чек арачылары
Окуя 20-июнда болду. Баткендеги "Марказ" чек ара тозотунда Кыргызстандын жараны менен өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда келишпестик чыгып, чек арачылар кыргыз жаранын кууп келип атып кетишкен. Ал Баткен облусунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаев болгон. Эртеси жергиликтүү эл маселени чечип берүү талабы менен митингге чыгышканы, ал тургай маркумдун жакындары Бишкекте нааразычылык акциясын өткөргөнү белгилүү. Маркумду 3 өзбек чек арачысы кууп келе жатып бир жолу, жыгылгандан кийин 2 жолу ок атып өлтүрүшкөн. Окуя иликтенип, аягына чыга элек.
Бул окуялар негизгилери гана. Майда-чүйдө, күнүмдүк турмушка байланышкан пикир келишпестиктер аймакта тынымсыз болуп турарын жергиликтүү бийлик да, жашоочулар да четке кагышпайт. Чырдын көбү чек ара, такталбаган аймактарга байланыштуу. Бул чек арадагы делимитация жана демаркация маселесин чечүү зарыл экенинен кабар берет. Башкача айтканда, талаш жерлердин ээсин аныктоо учур талабы.