Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катуу жааган жамгырдан айыл чарба өсүмдүктөрү зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"9-июнь күнү саат 18:20 чамасында кыска мөөнөттүү жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Кербен шаарынын Ак-Дөбө жана Күлүк-Дөбө айылдарында, Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак жана Өлөн-Булак айылдарында чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген.Турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.
Пача-Ата метеостанциянын башчысы Игорь Акимбековдун маалыматы боюнча, мөндүрдүн көлөмү 15 миллиметрди түзгөн. Райондук жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган", - деп жазылат маалыматта.
Тактоо иш-чаралары 10-июнь күнү уланууда.