Москвада 24-июнда өтүүчү Жеңиш парадына чакыруу Украина президенти Володимир Зеленскийге жиберилген жок. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
"Менин билишимче, Зеленскийге чакыруу жөнөтүлгөн жок" деген Песков.
Парадга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун катышары белгилүү болгон. Ошондой эле парадка Кыргыз өлкөсүнүн атынан Улуттук Гвардиянын 70тен ашык аскери катышары кабарланган.