АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев 13 жылга эркинен ажыратылды

2018-жылдын апрель айында өлкөдөн АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча сот чечим чыгарды.

Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту кечээ, 10-июнда чыгарган.

Анда Аскарбек Шадиев "мыйзамсыз баюу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 60 миң айып салуу жана мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле жеке ишкер Вячеслав Дуплищев күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана 60 миң сом айып салуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

Ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
algakaray
2020-06-11 10:53:06
Алтымыш мин айып салып, 13 жылга эркинен ажыратты. Озу Америкада жыргап эле журсо эмнеси анын
+5
Bars88
2020-06-11 11:07:50
Мунусу 13 жылдан кийин келе бер кутуласын дегениби
+4
Tolkun555
2020-06-11 12:28:03
Кытайдан алган карызды толотуп камабай койсонор деле жакшы болмок
+4
futboler
2020-06-11 12:33:50
Качырбай туруп соттосо болбойт беле, качан бүтөт ушундай спектаклдер? Өзүлөрү жакында сот иши башталат качагой дебесе кантип эле кылмыш ачылардан мурда качып кетет? Ушуга эч мээм жетпейт да.
+3
001KG
2020-06-11 14:41:56
Бат эле сот чечимин чыгарып коюпсуңарго, а то башка кылмышкерлерди "териштирүү иштери жүрүп жатат, сотко чейинки өндүрүшкө алынды" деп 3,4жыл сүйрөп жүрө бересиңер кылмышы ачык көрүнүп турсада!
+1
Million
2020-06-11 15:18:21
Андан коро кармап келип,СИЗОго тыкса бул чечимден жогору болмок!!!
+1
Million
2020-06-11 15:23:09
А мулкун болсо,бийликке жакын чиновниктер оз ара эле КОНФИСКАЦИЯ кылышты!Молодцы, реакциянар катуу иштептир!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан