"Атаң сага акча салбайт". Жалал-Абадда келин наристе кызын уруп, Орусиядагы күйөөсүнө видеосун жөнөткөн

Жалал-Абад облусунда 29 жаштагы келин бир жашка толо элек кызын уруп, видеого тартып Орусиядагы атасына жөнөткөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Х.Н. ажырашып кеткен күйөөсү О.А. менен телефон аркылуу урушуп кетишкен. Ошол учурда келин 1 жашка чыга элек кызы ыйлап тынчын ала бергендиктен, ачууланып, "сенин атаң сага акча салбайт, мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүм" деп тилдеп, чаап, муунтуп, Орусиядагы жолдошуна социалдык тармагы аркылуу видеого тартып жиберген.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыйноо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда наристеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми келиндин башка дагы балдары бар болгондуктан, ал камакка алынган эмес. Ал тергөөгө келип кете турганы айтылган. Ошондой эле анын баш коргоо чарасы да карала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tolkun555
2020-06-11 12:19:30
Ордуна атасын алып келип камап кошуп керек.катынга окшогон эркектер кобоюп кетти
+5
maks992
2020-06-12 13:05:01
Tolkun555,мне катыны башка менен жүрүп кетседа чыдаш керекби сен чыдаган экенсиң да
0
Jibakana
2020-06-11 12:19:45
Жинди болуп баратышат адамдар.....балада не куно урушса озунчо уруш баланы ортого кошпой...
+11
talaa11
2020-06-11 13:42:17
Бул жерде Атасынын дагы куноосу бар, баланы туудургандан кийин баккандыда билиш керекда. Акыркы убактарда эркектер ото эле жоопкерчиликсиз болуп баратабыз уйбулоого Кайдыгер мамиле жасап
+8
Zake007
2020-06-11 14:58:12
Атасы болгонсон караш кк.энеси мээси жана меерими жок аял экен,баланы бага албайсынарбы анда торобош кк,же бироого бериш кк,байкуштар!
+5
Krai
2020-06-11 16:06:01
Туугандардан го Х, О - Я Ю дегендерине караганда
Кээ бир ата энелер урушуп кетишсе эле күчүн балдарынан чыгарышат тооба балада эмне айып
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан