Ысык-Көл облусуна эс алууга келгендердин саны көбөйүүдө

Ысык-Көл облусуна эс алууга келген адамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова онлайн брифинг учурунда айтты.

"Бүгүнкү күндө "Ак-Кеме" өткөрмө жайынан өткөн жарандарыбыз абдан көп. Учурда облуска элдин агылуусу сезилүүдө. Мен өзүм эле кечээ Ысык-Көл районундагы пансионаттарда текшерүү ишин жүргүзүп жүрүп байкадым. Мындан тышкары кооптуу делинген региондордон келгендерди катуу көзөмөлгө алуу менен эс алуучу жайларга өткөрүп жатабыз", - деди Усенова.

Ошондой эле Усенова санитардык нормаларды сактабаган эс алуучу жайлар, пансионаттар аныкталса алар жабыларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан