Социалдык, өзгөчө коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган объектилердин курулушун мөөнөтүндө аяктоо зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов объекттердин капиталдык курулуш долбоорлору маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчы бул социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулушунун сапатын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"COVID-19га каршы күрөшүү чараларынын алкагында 9 объектте курулуш иштери жүрүүдө. Алар Бишкек жана Ош шаарларында эки оорукананын курулушу, ошондой эле республиканын 7 облусунда багыты өзгөртүлүп, бейтапканага ыңгайлаштыруу боюнча иштер. Мен бардык курулуш иштери белгиленген мөөнөттө, бир айдын аралыгында аяктоосу зарыл экенин баса белгилегим келет. Тармактык, мамлекеттик органдарга сапат жана өз учурунда бүткөрүү боюнча катуу талап коём. Мындан тышкары Финансы министрлиги медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги каржылоону камсыз кылуусу шарт", - деди Кубатбек Боронов.
"Бул маселеден улам айрым калктуу конуштарда мектеп окуучулары чатырларда же контейнерлерде окууга туура келди. Ошондуктан жалпы билим берүү жайларынын курулуш иштерин айтылган мөөнөттө аяктоо зарыл. Белгиленген график боюнча, 2020-жылдын октябрь айына чейин ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлүүгө тийиш, ошондой эле "Таза Суу" программасынын жана ирригация системинин алкагындагы объекттердин курулушун улантуу керек", - деди премьер-министр.