Токмокто дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Токмокто дайынсыз болуп изделип жаткан кыз өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү саат 15:43 чамасында Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз өз өмүрүнө кол салганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя катталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, анда 15 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секиргенин аныкташкан. Кыз алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү ишинде каза болгон кыз 15 жаштагы С.С. аттуу өспүрүм экени аныкталган. Ал Токмок ШИИБинде 7-июндан бери изделип жаткан. Анда кыздын атасы ал туугандары менен урушуп кетип, үйдөн чыккан боюнча кайтып келбегенин айтып, арыз жазган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertiy
2020-06-11 14:50:21
Токмокто 9 кабат үй барбы?
+3
Krai
2020-06-12 03:05:34
bessmertiy, үйдүн крышасынан подвалга секирсе керек да
0
Farkhat07.05.89
2020-06-12 11:25:35
bessmertiy, гостиница жактарда бар болуш керек
0
Adi010891
2020-06-12 12:42:22
bessmertiy, ооба 3-кичи райондо бар 9 кабат уй
0
muras111211
2020-06-11 17:45:13
Өз өмүрүнө кол салды деп маалымат түшүптүр.
Анан кайра издегени кандай бул?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан