Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8779 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 502 миң 436га жетти. Акыркы бир сутка ичинде 8779 адамдан вирус аныкталса, 174 адам бул илдеттен каза болду (коронавирус катталгандан бери 6532 адам көз жумду).
Вирус жаңы аныкталгандардын эң көбү
Москва шаары - 1436;
Свердлов облусу - 312;
Санкт-Петербург - 303;
Нижегород облусу - 303 жана калгандары башка аймактардан.
Коронавирустун жайылуусу боюнча Орусия дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунда турат. Биринчи орунда АКШ (2 миллиондон ашуун), экинчи орунда Бразилия (772 миң).