Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныкталган коррупциялык схеманын негизинде Транспорт жана жолдор министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү 12 кызматкерин кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кармалгандардын арасында Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Ж.Б., "Сосновка" тоннелдик постунун башчысы Ж.К. жана Кара-Көл тоннелдик постунун башчысы К.С. дагы бар. Аларды Финполиция кечээ, 10-июнда кармаган.
"Жалпысынын министрликтин бөлүмдөрүндөгү жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеген 12 кызматкер кармалды. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түзөт.
Азыркы учурда тергөөнүн алкагында бул коррупциялык схемага аталган министрликтин жогорку кызматта тургандарынын тиешеси бар же жок экендиги териштирилүүдө. Ошондой эле ага жергиликтүү башкармалыктардын жана башка түзүмдөрдүн кызматкерлеринин катыштыгы бар же жок экендиги аныкталат", - деп жазылат маалыматта.