Бишкекте 22 жаштагы курулушчу имараттын 8-кабатынан кулап каза болду

Бүгүн, 11-июнда болжол менен саат 14:51де Бишкек шаардык Ленин РИИБине көп кабаттуу үйдөн адам кулап кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, билдирүүдө белгисиз адам шаардагы Масалиев көчөсүндөгү курулушу аяктай элек көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөнү айтылган. Айтылган дарекке опер кызматкерлери барып, күбөлөрдөн 1998-жылы туулган жигит 8-кабаттан кулап кеткенин билишкен. Ал ошол имаратта курулушчу болуп иштеген.

"Курулушчу жигит бийиктиктен кулаганда алган жаракатынан улам жеринде көз жумган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда орун алган кырсыктын себептери аныкталууда", - деп айтылат Ленин РИИБнин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sakura715
2020-06-11 20:02:40
Жаткан жери жайлуу болсун...

Жумуш бергендерге да баарибир, сразу олгон адамга куноону оодарып коет
+4
Aman_90
2020-06-11 20:03:17
Байкуш жаш бала экен эле,ажал айттырбай келет деген ушул да,каары жашына карабай!Аллах оз рахматына алсын,куноолорун кечирген болсун!
+2
Asman779
2020-06-11 20:14:13
Жашоосу жаны башталганда кырсык болгон экен, абдан жаман иш болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун.
0
mariolan
2020-06-11 20:50:10
Йа Алла, биз да качан арка мойнубуз астыбызда калаар экен, ыйманы саламат болсун
0
Baatirbek81
2020-06-12 12:13:04
mariolan,ажалың келсе өлөсүн келбесе жүрөтурасыңда.
0
Атасынын баласы
2020-06-11 22:04:03
Курулушчу эмес куруучу болот.
0
Almaz_kg
2020-06-12 11:15:48
Атасынын баласы,туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан