12-июнга карата доллар 75 сомго көтөрүлдү

Бүгүн, 12-июнга карата доллардын улуттук валютага карата курсу 75 сомго чейин көтөрүлдү.

Коммерциялык банктарда эң пайдалуу курс: сатып алууда 74 сом 40 тыйын болсо, сатууда 75 сомду түздү.

Акча алмаштыруучу жайларында доллардын орточо салыштырмалуу курсу сатып алууда 74 сом 9 тыйын болсо, сатууда 75 сом 20 тыйын.

Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 74 сом 28 тыйын деп көрсөтүлгөн.

Апта башында доллардын улуттук валютага карата куну 73 сом 36 тыйын болгон. Беш күндүк мониторинг боюнча доллар 1 сом 64 тыйынга кымбаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан