"Бул күнү миллион гүл, миллион эмоция тартууланат" дейт 31 жашка толгон Анжелика. Ырчынын туулган күнүнөн фоторепортаж

Ырчы, актриса Анжелика бүгүн, 12-июнда 31 жашка толду. Карантин шартында туулган күнүн тар чөйрөдө белгилеген ырчы бул күнү дагы бир жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Ырчы баш калаадагы кеңселердин биринде "Лика" сулуулук салонунун ачылышын жасады.

Анжеликаны куттуктап келгендерге ыр, бий тартууланып, оюндар ойнотулуп, ар кандай белектер дагы тартууланды.

Жаңы сулуулук борбору менен ырчы айым тааныштырып, заманбап кызмат көрсөтүүлөр 24 саат бою кардарларды тейлей турганын билдирди.

"Жыл сайын туулган күнүмдү белгилейм. Анткени мындай күн дайыма боло бербейт, бир жолу эле болот. Бул күнү миллион күлкү, миллион гүл, миллион эмоция тартууланат. 4-5 жылдан бери туулган күнүмө берилген гүлдөрдү медреселердеги кыздарга таратууну адат кылгам. Андан тышкары 12-июнь күнү төрөлгөн бардык айымдарды туулган күнүмө социалдык тармак аркылуу чакырып, белектерди берип келем. Азыр сиздер көрүп турган гүлдөрдү быйыл дагы көп балалуу энелерге, ушул күнү төрөлгөндөргө тартуулайм", - дейт ырчы.

Ырчы 45 жаштагы шаар тургуну, 6 баланын апасына 101 роза гүлүн тартуулап, "баатыр" энени туулган күнү менен куттуктады. Ал эми Анжеликанын колунан белек алган айым "биринчи жолу 101 роза алып, толкунданып жатам" дейт.

Бүгүнкү майрамдык иш-чаранын башында турган Анжелика айымдын ата-энеси болду. Алар кызынын жетишкендигине сыймык менен карап, ушул ийгиликтер жеке өзүнүкү экенин айтышты.

"Кызыбыз ушундай кырдаалда жумушсуз отуруп калгандарга иш орундарын түзүп берип жатат. Ушунун баары өзүнүн жетишкендиги. Албетте, биз кызыбыз менен сыймыктанабыз. Келечекте кызыбыз дагы кыздары менен сыймыктанган эне болсун", - деп тилектерин айтышты.

Иш-чарага ырчы Асель Кадырбекова, таттуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека, ырчы Омар жубайы менен, Гүлзат Чыныбек кызы жана башка шоу бизнес өкүлдөрү келишти.

Концерттик бөлүк жыйынтыкталгандан кийин ырчы айым атайын даярдалган 3 кабаттуу тортту кесип, меймандарга ооз тийгизди.

12-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kyrgyz_bloger
2020-06-12 21:28:05
Элдер тамак ашка аран акча табып жатканда ысырапкорчулук менен мактанган жакшы эмес да.
+28
AdylbekB84
2020-06-12 21:29:02
Туулган күнүң кут болсун карындашым! Мындан дагы көп ийгиликтерди жарата бер, эң негизгиси ден- соолукта болуп бактыңды тапкын!
+3
bond02
2020-06-12 21:37:53
Медреседеги кыздар гулду эмне кылышат экен.
+17
vikidiki
2020-06-12 22:02:06
12-июньда гүл сатуучулар жыргайт экен да. Молодец, чөгүп калбай тыпылдап жүрөт.
+8
arlekino
2020-06-12 22:20:19
Молодец,ишине ийгилик каалайм.
+3
-adam
2020-06-12 22:26:33
Жаман соз айтып жатып каласынар да! Молодец дештин ордуна!Шоу чойродо уну жок же жарытаарлык ыры жок,ар турдуу пияр менен жургон адамды !!!
-5
Jaran94
2020-06-12 22:38:29
Ынсап берсин.
+9
Hadyja
2020-06-13 00:09:19
эмне дешти да билбейм,жаман да,жакшы да эчтеке айткым келбейт,себеби кошогонун арты бар,алды бар дегендей
+6
Asel69
2020-06-13 00:49:56
Азаматсын Анжелика. Ар дайым алдыда журо бер, осо бер.
+3
Belek1710
2020-06-13 01:21:39
Молодец!
0
Baku88
2020-06-13 06:25:57
Молодец мындан да бийиктиктерге жетиш
0
nurka_85
2020-06-13 08:37:02
0
Noon
2020-06-13 10:56:00
Азамат, эмнеси болсо да кыйын аял экен! 101 роза эмес бир жонокой гулго ээ боло албаган айымдар четтен чыгат. Кудайым барыбызга жакшы кундорду насип кылсын. Жамандабай жакпаса унчукпай койгула куноосун которбой. Кыйынды кыйын деш керек. Соолуп жатып калбай анча-мынча эркектен тын оокатын кылып,балдарын багып жатат. Озунон ашканын башкаларга берип отурат.
+5
Mirlan27011987
2020-06-13 13:42:51
Кыргыздын кыздар Анжеликадай оокат кылып, оз максатынарды ишке ашырып, ар дайым жайдары журо бергиле. Турмушта бироонун созуно, козуно коз каранды болбой, оз алдын эркин ой жугурткон айымдардан болгула.
+3
Eden-Hazard
2020-06-13 13:48:05
Туулган күн кут болсун, Doğum gününüz kutlu olsun
+1
KaGaH
2020-06-13 14:16:16
Eden-Hazard, түрктөр да кирип алганбы бул жака ))
-1
Eden-Hazard
2020-06-13 16:50:27
KaGaH, түркчө жазса эле түрк болуп калабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан