Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүнүн опер кызматкерлери опузалап акча талап кылууга, курал-жарак жана ок дарыларды мыйзамсыз сатууга шектүү катары ИИМдин каттоосунда турган, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен маалымдашты.
Ага ылайык, ушул жылдын 9-июнь күнү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө К.А. арыз менен кайрылган. Арыз ээси бир жыл ичинде чала тааныш адам аны коркутуп, күч колдонуп, шантаж кылып миң доллар акчасын алып койгонун белгилеген.
"Бул факты райондук бөлүмдүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "опузалап акча талап кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бишкек ШИИББинин опер кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 37 жаштагы М.И.ни жана 46 жаштагы А.Р.ны кармашты. Алар Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда "Цапля" жана "Рина" деген каймана аттар менен турган. Мындан тышкары сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 41 жаштагы М.А. дагы кармалды.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Мерседес-Бенц унаасынан кармалып унаанын ичинен кара баштык, андан тапанча менен бычак табылган", - деп жазылат маалыматта.
Кылмышка шектүүлөр кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалашты Бишкек ШИИББинен.