Бишкекте чак түштө белгисиз жарандар банктардын бирине кирип, кызматкерлерди курал менен коркутуп, кассасын тоноп жаткан видео интернет тармагына жарыяланды.
Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан окуя кечээ, 12-июнда болгонун кабарлашты.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө саат 13:20 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда борбор калаадагы Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банкта тоноо болуп жатканы айтылган.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барышып, алгачкы маалыматтарды топтошкон. Ага ылайык, бет кап тагынган эки белгисиз киши банктын имаратына куралчан киришкен. Алар банктын күзөт кызматчысына кол салып, кассадагы акчаны алып чыгып кетишкен. Банктын кызматкерлеринин бири "тревога" баскычын басканга үлгүрүп, 13 мүнөттөн кийин "Аякс" күзөт агенттигинин кызматкерлери келишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө.
Учурда ШИИББинин жана Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам топ түзүлүп, шектүүлөрдү аныктап, табуу иштери жүргүзүлүп жатат", - деди мекеменин басма сөз катчысы.