Ош шаарында түн ичинде турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Маалым болгондой, өрт 14-июнга караган түнү саат 00:43 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыккан.
"Өрттүн кесепетинен үйдүн жалпы 126 чарчы метр аянты күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.
Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм жана Ош шаардык башкармалыктын ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары ИИМден, шаардык газ кызматынан бригада тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 01:20да чектөөгө алынып, саат 03:07де толук өчүрүлдү. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.