Чүй облусунун Токмок шаарында күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсык бүгүн, 14-июнда Токмоктогу көчөлөрдүн биринде болгон. Кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшөрү менен өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 13:20да өрт толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.