Бишкекте толугу менен күйүп кеткен тез тамактануучу жайдын өрттөн кийинки видеосу жарыяланды

Бишкекте 2 күн мурда күйүп кеткен тез татым жайынын кырсыктан кийинки видеосу социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан жарыяланды. Анда тез тамактануучу жайдын толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.

Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматынан кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 12-июнда саат 23:35те түшкөнүн кабарлашты.

"Бишкектин Интергельпо жана Кеңсуу көчөлөрүндө жайгашкан тез татым жайында жарылуу болуп, толугу менен күйүп кеткен. Жерине 1 бөлүм тартылып, өрт түндө өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
001KG
2020-06-15 00:27:42
Интергельпо, көчөсү дейби? Түшүнүксүз, маанисиз жана пайдасыз аттарга коюлган көчөлөрдүн аттарын качан оңдойсуңар ёлыйлар!!!!!!!!
+3
Nur777
2020-06-16 02:15:57
001KG,Тушунуксуз,маанисиз эмес,тарыхты оку жакшылап,кайдан келип чыкканын билесин,ошондогу жаштардын курулган уйлору азыркыга чейин турат,улуу идеалогиянын аркасында коп эмгектер жасалган!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан