Бишкекте "Ала ТВ" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды. Бул тууралуу маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
"13-июндагы соттун токтомуна ылайык, Артур Халдаровго карата камакка алуу чарасы колдонулуп, ал 12-июлга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 жайына киргизилди", - дейт мекеменин маалымат катчысы.
Маалым болгондой, Халдаров Аскердик прокуратура тарабынан радиожыштыктарды мыйзамсыз саткан деген шек менен кармалган. Ага "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган.