УКМК: "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын бир катар жооптуу кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупциялык иштер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ири көлөмдөгү уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганы айтылат.

"Тергөө тарабынан такталгандай, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси А.К. ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер А.А. менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда көзөмөлгө алынган компаниялар менен биргеликте өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топту түзүп алган. Кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында А.К. ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1 миллиард 5 миллион сомго жеткизген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Ошол эле учурда жогорудагы схемага ылайык, башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8 пайыздан 15 пайызга чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “откат” катары берип турушкан.

Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 миллион сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50 пайызы жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган. А.Кнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында темир жол тармагына 22 миллион сом зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси А.К.А. мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын темир жолдору тармагына алдын ала 22 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

2020-жылдын 15-июнунда жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде, учурда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы А.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman779
2020-06-15 20:51:05
Жок эле болуп кетсенерчи. Эл Айдан айга оз эмгегеги, мандай Тери менен таап уй булоосун багып жатат. Элммрбек айткандай жегенинерди алып алып Кыргызстандан чыгып кетсенер ыраазы болот элек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан