Баткенде жүк ташыган кичи унаанын катышуусундагы автокырсыктан 4 жаран жабыркады

Баткенде жүк ташыган кичи унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 4 киши денесинен ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.

"15-июнда Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында Хундай Портер менен ВАЗ-2107 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши жабыркаган (1989-жылы туулган, 1989-жылы туулган, 1975-жылы туулган жана 1980-жылы туулган).

Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан