Чүй облусунун Токмок шаарынан каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Алар такси кызматын атайын чакырып, жолдон айдоочуну тапанча менен коркутуп, унаасын айдап кетишкен. Маалыматты ИИМдин басма сөз өкүлү билдирди.
"Окуя 30-майда түнкү саат 01:00 чамасында орун алган. Анда шектүүлөр Бишкек шаарында жүрүп, такси чакырып, айдоочуга Аламүдүн районундагы Башкара-Суу айылына чейин жеткирип коюусун айтышкан. Аталган айылга жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну тапанча менен коркутуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан кийин жүргүнчүлөр айдоочуну талга байлап, Тойота Авенсис унаасын айдап качып кетишкен.
Эртеси күнү жөө адам талга байланып турган айдоочуну көрүп бошоткон. Жабырлануучу Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.