Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кезектеги коомчулуктун кыжырын кайнаткан окуя ушул жылдын 8-июнунда Сузак районунун Бек-Абад айылында катталды. Анда күйөөсү аялынын колун байлап, мойнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, үстүнөн чакалап суу куюп, жаагына чаап жазалаган окуя орун алган.
SUPER.KG порталы үй-бүлөнүн жалгыз уулу менен байланышты. Уулунун айтымында, атасы апасына буга чейин кол көтөргөн эмес жана ал атасын кечиргенин айтып, буларга токтолду.
"Урматтуу кыргыз элим, болуп өткөн окуяга кабатырланып, өз оюңуздарды билдирип жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Бул иш кокусунан болуп кетиптир. Буга чейин атам эч убакта апама катуу сүйлөгөн эмес. Азыркы учурда социалдык тармакта биз жөнүндө болуп жаткан сөздөрдүн баары жалган.
Азыр апамдын абалы жакшы. Эч кандай коркунуч жок. Экөөбүз чогуу өз үйүбүздө күн кечирип жатабыз. Окуя болгондон кийин атам менен телефон аркылуу бир эле жолу сүйлөштүм. Ал менден ыйлап кечирим сурады. Мен атамды кечирдим. Апам атама жолугуп келди жана ага карата эч кандай доо арызы жок. Атам кылган ишине абдан өкүнүп жатат. Биз карапайым эле адамдарбыз жана үй-бүлөдө үч эле кишибиз. Мен үйдө жалгыз уулмун. Мен үй-бүлөмдүн сакталып калышын каалайм. Апам экөөбүз атамды күтүп жатабыз. Жалпы кыргыз элинен атамдын, апамдын жана жеке өзүмдүн атыман кечирим сурайм", - деди үй-бүлөнүн жалгыз уулу.
Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына ылайык, таш салынган дөңгөлөктү аялдын моюнуна артып алып жаза берген адам 11-июнь күнү кармалып, кийинчерээк 15 суткага камакка алынган. Бул окуя "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң "уруп-согуп, кыйноо" болуп өзгөртүлгөн. 15-июнда жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазып, аял жолдошун бошотууну өтүнгөнү маалым болгон.