Чүй облусунун Сокулук районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран Бишкектен кармалды. Шектүү 2019-жылдын декабрь айынан бери изделип жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Сокулук РИИБине жергиликтүү тургун 2019-жылдын 14-декабрында арыз менен кайрылган. Арыздануучу 14 жаштагы кызын Максат аттуу чала таанышы күч колдонуп унаага отургузуп, зордуктап койгонун айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө окуяга шектүү 24 жаштагы К.М. экени аныкталып, издөөгө алынган.
Шектүү изин жашыруу максатында ар кайсы жактарда жүрүп, дайыма жашаган дарегине келбей жүргөн. 16-июнда Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жери белгилүү болуп, 17-июнга караган түнү саат 00:30да Бишкектеги көчөлөрдүн биринен кармалды. Учурда шектүү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.