Сокулукта 19 жаштагы кыз төрөп, ымыркайды дааратканага таштап кеткен

Сокулук райондук соту 19 жаштагы кызды 133-берененин (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) негизинде күнөөлүү деп тапты. Ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыстын негизинде жазык жазасынан бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Сокулук районунун Новопавловка айылында 2019-жылдын 20-октябрында болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, кыз өзүнүн курсагындагы баласын боюнан түшүрүү үчүн дарыларды ичип, андан кийин төрөп, баласын таежесинин үйүндөгү дааратканага таштап кеткен. Ымыркай дааратканадан чыгарылып, Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген, бирок ал ооруканадан чарчап калган.

Соттук териштирүүдө айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jibakana
2020-06-17 18:27:50
Ошону боюна болгуча ойлонсо болмок жигити менен болордо ойлонушса кийинки жашоосун Кудайым озу сактасын
+2
taalay25
2020-06-18 16:29:14
Jibakana,кызык эле совет бересин
0
0001KG
2020-06-17 21:47:04
Өзү ушу региондордо кылмыш топтобойт))).
+1
Tiken
2020-06-18 11:23:33
Рекламанар макаланарды окуганга ужасссссно мешает. Уберите пожалуйста, или откройте новый раздел специально для рекламы((((
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан