Мексикада бир сутка ичинде 4 миң 930 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жазышууда.
Анда жазылгандай, Мексикада илдет аныкталган күндөн баштап жалпы 159 миң 793 адам COVID-19 илдети менен катталган. Алардын ичинен 19 миң 80 бейтап көз жумган. Ал эми сутка ичинде 4 миң 930 адам вирусту жуктуруп алса, 770 жаран оорунун айынан бул дүйнө менен кош айтышкан.
Учурда 22 миң 209 бейтап оору менен күрөшүүдө. Алардын ичинен көпчүлүгү Мехико штатында (3 миң 925) жана Мехико шаарында (2 миң 548).