Бүгүн, 30-июль Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясынан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү. Бул күнү мамлекеттик желек өлкөнүн бардык аймагында жана чет өлкөлүк элчиликтерде түшүрүлөт.
Мындан тышкары маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларда оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.
27-июлда президент Сооронбай Жээнбеков 30-июль өлкөдө коронавирустан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү деген жарлыкка кол койгон.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 347 бейтап каза болду.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты аталган илдеттен каза болгон ар бир жарандын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, сабыр тилейт.