Кечээ, 17-июнда Москва шаарындагы Кызыл аянтта 24-июнда өтүүчү Жеңиш парадына карата алгачкы даярдык болду. Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу парадга 19 өлкөнүн армиясы чакырылганын билдирген.
Москвадагы бул парадга президент Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон. Ошол эле учурда парадга Кыргыз өлкөсүнүн атынан Улуттук Гвардиянын аскерлери катышары кабарланган.
Парадда көрсөтүлүүчү техникалар Кызыл аянтка кантип жетти? Төмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүз болот.