Коронавирус Жогорку Кеңешке жетти. Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчисинен коронавирус аныкталды

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Ушул дем алыш күнү дене табым жогору болгондугуна байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткам. Эртең жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле дарыгерлер менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын байланышта болгон Парламенттин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанциялык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин бардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз. Биз менен чогуу аппараттын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот", - деп жазды Нуракун уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
AksyKum
2020-06-18 22:15:56
Сессиялар отчу залга качан кирет экен эми.60кресло эле калып баарын вирус депутаты менен кошо жеп кетсин
+14
Usow
2020-06-18 23:40:45
AksyKum,60ын не кыласын 7 си калса болду калганына ак жол десек да болот
+12
Shef87
2020-06-18 23:49:41
7 облустан бирден депутат болсо болот калганы жеп ичип эле жүрөт ашка жүк башка жүк болуп
+14
Akoga
2020-06-19 00:51:39
Жогорудагы элдин ой пикирин окугандан кийин ,депутатар тарап эле кетпейсинерби. Уят. Силер жөнүндө жакшы сөз айтылбай калды. Баардык тармактарда карасаңар бир кадырыңар калбады.
+12
batleybesh
2020-06-19 01:07:34
Карасанар Назарбаевда ооруп калды анан силерда кем калбайлы дединерда шоу уюштуруп
+9
Kylym.85
2020-06-19 01:50:05
Эмне эле болуп баратасынар, пейилди ондойлучу айланайын элим, баардыгын эле жашоого нааразы, депутатка нааразы, бийлик окулуно нааразы, кечке эле карганасынар. Эл пейилин ондосо, ошондо кен пейил элдин арасынан жакшы башчылар чыгат, биринчи озубуздун пейилибизди туздойлучу.
+5
Bars88
2020-06-19 06:47:15
Жомокго башкалар ооруса уй булоосу кошуна колону ким менен суйлошту баарын жаткырасынар.Бул ооруса озу дагы жатпай 2 жума уйунон чыкпай иштейм дейт.2 жумада жакшы болуп кетеби
+3
Makain
2020-06-19 10:19:01
Ак жол депутаттарга баарына жугузуп кой чондорго
+2
Tiken
2020-06-19 15:59:49
Чек ара маселесин чече албаган «мажироолорго» жугуштуу болсун!!! Ошолорго жуксун!!! Канчалаган мекени учун жанын берууго даяр чет жерден билим алган акылдуу илим-билимдуулорубуз келсе жакшы болмок. Союздун саркындыларынан олсо да толк чыкпады, чейрек кылым болоюн десе да.
+3
nazarnew
2020-06-19 16:13:50
120 баран менен соке жетим ооруп калса жакшы болмок.
+3
osor
2020-06-19 16:15:12
Ак уйдогу баарынарга жугуп айыга албай калсанар эл ыраазы болмокта жаштар келмек ордунарга ырас болуптур жукканы жугузуш керек баарына
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан