Бүгүн, 19-июнда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан мыйзамсыз контрабандалык жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көк-Талаа айылына жакын жерден 1987-жылы туулган Н.С. аттуу жаран Daewoo Damas автоунаасында Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстандын аймагына өткөрүү жайынан сырткары жерден мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок кондиционерлерди алып өтүүгө аракет кылган жеринен кармалган. Андагы жүктүн жалпы суммасы 135 миң сомду түзгөн. Жүк жана кармалган жаран мамлекеттик бажы комитетинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.