Өлкөдө 11-майдан баштап коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында түзүлгөн түз байланыш борбору иштеп баштаган. Анда жарандар 118 номуруна чалуу менен медициналык консультациялык жардам алууга мүмкүн экени айтылган.
Акыркы мезгилдерде 118 номуруна байланыша албай жаткандар көп болуп жатканы маалым. Мындан улам борбордогу операторлордун санын көбөйтсө жакшы болмок деген сунуштар да түшүп баштады. SUPER.KG порталы эмне себептен колл-борбордун операторлоруна байланышуу мүмкүн болбой жаткандыгын тактоо үчүн Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаиловага кайрылды.
Анын айтымында, 118 кызматы күнүнө 12 саат, дем алышсыз иштеп келет.
"Учурда чалуулар абдан көп болуп жатат. Жарандар арасында кызматтын милдетине тиешелүү болбогон суроолор менен деле кайрылгандар бар. Көбүнчө "жөн эле коронавируска анализ тапшырып коёлу дедик эле" деген сыяктуу кайрылуулар. Мындай максатта ишкана жетекчилери дагы чалышат. Негизи 118 колл-борборуна коронавирустун эки же андан көп белгиси (дене табы көтөрүлгөн, жөтөл, көкүрөктүн оорушу, жыттарды сезбей калуу, баш оору жана булчуңдардын оорушу) болгон учурда гана чалуу сунушталат. Бирок учурда жөн гана кызматтын иштеп жаткандыгын текшерүү же башка тийиштүү эмес суроолор менен кайрылгандар көп болгондуктан, линиялар бош болбой калып жатат. Болбосо телефондордун баары иштеп жатат, операторлорго чалуулар тынымсыз келүүдө. Ошондуктан биз дагы эки телефондук линия кошуп жатабыз. Ага жараша операторлордун санын дагы көбөйтөбүз", - деди Бактыгүл Исмаилова.
Буга чейин июнь айында 118 ыкчам байланыш номерине кайрылгандар көбөйгөнү байкалып жатканы айтылган. Маалыматка ылайык, июндагы үч апта аралыгында 4 миң 520 кайрылуу келип түшкөн. Иш учурунда бардыгы болуп 14 миң 232 телефон чалуу каралган.
.