"Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек". Президент бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылды

"Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат", - деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

"Бул илдет жок, бул - ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары - ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент "бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок" деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи. "Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат", - деди мамлекет башчысы. Ал медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

"Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек", - деп Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omar.
2020-06-19 15:27:29
Шеф өзү неге тагынбайт?
+2
Bakyt813
2020-06-19 15:29:37
Соке Акаси штраф толоону озунуздон баштан!
Эч маска тагынганын корбодук!
+4
urmat94
2020-06-19 16:15:58
Озу качан толойт штраф Ошко келгенде да маскасы жок эле журдуго дагы учурашканды уйротуп коёт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан